Connect with us

Жапаров: 2023-жылга бириктирилген бюджеттин көлөмү 503,4 млрд сом болот

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 439 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылга карата пландалган республикалык бюджет жана алдыдагы 3 жылга болдолдуу бюджет боюнча парламентке маалымат берди. Өкмөт башчысы билдиргендей, 2023-жылга пландалган бириктирилген бюджет 503,4 млрд сом болот.

«Жакшылап карай турган болсок, 2021-жылы бюжетти 313 млрд сомго чыгардык же 65 млрд сомго бюджетти көбүрөөк толтурдук. Ал эми 2022-жылы 404 млрд сомго чыгаралы деп жатабыз. Же өткөн жылга салыштырмалуу 91 млрдга өсүш көбүрөөк болору күтүлүп жатат. Өсүү темпи 2021-жылы 126%ды түзгөн. Ал эми быйыл бюджеттин өсүү темпи 129%ды түзгөн. Ал эми 2023-жылы биз бюджеттин өсүшүн 99 млрд сомго өсүш болот деп жатабыз». 

Быйыл 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров кийинки жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатканын билдирген эле.

Copyright © 2017 Maral FM