Connect with us

9 айдын бюджети: салыктык кирешелердин өсүүсү 150%га жетти

Саясат , Экономика | 28 Окт 2022 | 834 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы 2022-жылдын 9 айына карата республикалык бюджетин аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстары 299, 6 млрд сомго жеткен. Ошол эле учурда бюджетке салыктык түшүүлөр орточо өсүү темпи менен 150%дык деңгээлде сакталып жатат. Кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзүүдө. Быйыл тогуз айданы бюджеттин аткарылышына алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев быйыл тогуз айда жетишилген жетишкендиктерге токтолду.

Бакетаевдин айтымында, тогуз айда бюджеттин ресурстары 299, 6 млрд сомго жеткен. Ошол эле учурда бюджетке салыктык түшүүлөр орточо өсүү темпи менен 150%дык деңгээлде сакталып жатат. Кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзүүдө.

«Тогуз айда мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстары 299, 6 млрд сомго жеткен. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 90,1 млрд сом болгон. Кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзүүдө. Өткөн жылдын тогуз айында ушул көрсөткүч 209,5 млрд сомду түзгөн. Мындан тышкары активдер жана милдеттемелер 38,6 млрд сомду түзөт. Өткөн жылдын 9 айсына салыштырмалуу өсүш 12,5 млрд сом. 2021-жылы 26 млрд сом болгон. Соцфонддун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери 37,3 млрд сомду түздү. Былтыркыга салыштырмалуу 8,6 млрд, өткөн жылы бул көрсөткүч 26 млрд болгон. Салыктык эмес кирешелер быйыл тогуз айда 37, 8 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5, 9 млрд сом».

Республикалык бюджеттин жалпы кирешелери боюнча айтсак, ушул жылдын 9 айында 189, 9 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13% га көбөйгөн. Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 92 млрд сомго жеткен. Бажы кызматынын бажы төлөмдөрү тогуз айда 52,9 млрд сомду болгон. Бул көрсөткүчтөргө таянып, жалпы кирешенин өсүү темпи 155,3 %ды түздү. Жалпы республикалык бюджеттин 9 айдагы чыгашаларына токтоло турган болсок, 127, 7 млрд сомду түзгөн. Быйылкы жылы жалпы чыгашалардын аткарылышы 187, 4 млрд сомдук деңгээлге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,7 млрд сомго өстү.

Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашов айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жаңы ишканаларды ачуу зарылдыгын белгилеп, салыктык түшүүлөр  кантип өсүп жатканына кызыкты.

Каржы министри фискалдаштыруунун жана санариптештирүүнүн эсебинен салыктык түшүүлөр көбөйгөнүн белгиледи.

«Өткөн жылдан баштап, санариптештирүү, фискалдаштыруу башталып, электрондук эсеп киргизилген. ККМ аппараттарды орнотконбуз. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен иштеп жатабыз. Бир дагы салыктын жаңы түрүн киргизген жокпуз».  

Сарыбашов ошондой эле бир жыл аралыгында канча жумуш орун түзүлүп, кандай ишканалар ачылып, ишкерлерге кандай колдоо болгонуна кызыкты.

Ага жооп катары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соода-логистикалык борборлорду ачуу боюнча өкмөттүн пландарына токтолду.

«План боюнча айта кетейин. Биринчи, биз картошка боюнча соода-логистикалык борборлорду, экинчи, мөмө-жемиш боюнча соода-логистикалык борборлорду курууну пландап жатабыз. Алардын бирөөсүн Чүй облусунун аймагына, экинчисин Ош облусунун аймагына курууну пландап жатабыз. Аларды ачуудагы негизи максатыбыз, жыйноо, чогултуу жана сатуу. Ал борборлордо тазаланып, соттолуп, таңгакталып анан кантип жеткирүүнү ишке ашырабыз. Ал боюнча каражатты карап жатыбыз. Азыр байкап көрсөк, биз айыл чараба продуктуларын сатканды билбей калыптырбыз. Биз дыйцкандарга наыя берип жатабыз, бирок дагы деле продукцияны сыртка сатканды үйрөнө албаптырбыз. Азыр ушунун аркасынан иштеп жатабыз». 

«Айыл чарбасын каржылоо — 10» программасынын алкагында быйыл жеңилдетилген насыяларды берүүгө 1 млрд 112 млн сом бөлүнүп, 8087 дыйкан насыя алган.

Депутат Камила Талиева республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча маселени көтөрүп, Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында мектептерди курууда көңүл кош мамиле болуп жаткандыгын белгиледи.

«Бирөөсү 150 орундуу Лайли атындагы орто мектеп, экинчиси Ак-Суу айыл өкмөтүнө караган Бакмуратов мектеби. 225 орунду мектептин абалы өтө оор болуп, 3 смен менен окуп жатат. Тогуз айдан бери ошол мектептердин долбоорлору бүтпөйт. Мен тиешелүү кишилерге кантипайтып тушүндүрүштү да билбей калдым, кандай тил менен айтыш керек. Бакырмак түгүл балекет болсоң да эч нерсе жок. Алапдын ишине кандай баа беришти билбей калды. Кичинекей эки мектептин 9 айдан бери долбоору бүтпөйт деген бул жумуш жок деген да. Тыйыны бөлүнүп капиталдык салымдар береесине кирген боюнча турат. Азыр өкмөт тараптан Баткен обулусуна өзгөчө көңүл буруу боюнча саясат жүрүп жатабы? Элге жолду, сууну, чек ара коопсузудун камсыз кылып, мектепти куруп бербесең эл көчүп кетет. Лейлек районунун 50% эли көчуп кетүү коркунучунда турат».

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыдагы жумада Лейлек районуна боло турган иш сапарында аталган маселени жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын белгиледи.

Каржы министри белгилегендей республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766,0 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8% каралган. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 миллиард 211,5 миллион сомду, 2025-жылы 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөөрү болжолдонууда.

Андан тышкары, 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленсе, 2024-жылга 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314,0 млн сом болоору күтүлүүдө. Тагыраагы, 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM