Connect with us

Жапаров КММА диагностикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 178 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн.

Учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын эсебинен 21 115 480 сомго медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдар сатылып алынган.

Министрлер кабинетинин башчысы борбордун имаратын көрүп чыгып, бейтаптардын тиешелүү консультацияларды алуусу жана дарылануусу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM