Биз менен байланышыңыз

Жарандардын тапшырган каны Баткенге жөнөтүлдү

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 154 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам Бишкекте баткендиктер үчүн кечээ, 17-сентябрда 500дөн ашык адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, жарандардын тапшырган каны бүгүн даярдалып, Баткенге жөнөтүлдү.

«Облустун аймагында дары-дармектер жетиштүү санда бар», — дейт Айгерчинова.

УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти, 134 адам жабыркады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM