Connect with us

Чек ара: Каза болгондордун саны 36 кишиге жетти

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 1231 | 0

Баткен облусунан саат 10:00гө карата алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 12 кыргызстандыктын сөөгү Баткендин саламаттык сактоо уюмдарына келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун саны 36 адамга жетти.

Ал эми жабыркагандардын саны 129 кишини түзүп, алардын ичинен жетөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM