Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тажик тарап ракета колдонуп жатат (видео)

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 4695 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-тажик чек арасында оор салгылашуулар жүрүп жатканын, мында тажик тарап оор бронетехниканы, көп ракеталык системаларды (МРРС) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарга кыргыз тараптан каршылык көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын аймагын, калктуу пункттарын басып алууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

Окуя болгон жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ок атышууну токтотуу жана абалды стабилдештирүү боюнча чараларды көрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM