Бүгүн, 16-сентябрь саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдары да тажик тараптын кол салуусуна кабылды.
Маалым болгондой, тажик аскерлери «Кайрагач» өткөрмө бекети туштан да ок атып жатышкандыктан, жергиликтүү калк Исфана, Сүлүктү шаарларына өтө алышкан эмес.
Бүгүн, 16-сентябрь таңкы саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болгон. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасына кол салышкан.