Connect with us

Быйыл 500дөй ымыркайга Акжол, Жоламан жана Амантурдун ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 224 | 0

Жыл башынан бери 500гө жакын ымыркайга күрөш боюнча Дүйнө чемпиондору жана коло медалдын ээси Акжол, Жоламан жана Амантур аттуу ысымдар ыйгарылган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Балага ат коюу үй-бүлөдөгү маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Көпчүлүк учурда ата-энелер балдарына өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандардын ысымдарын коюшат.

Статистикалык маалымат боюнча, 2022-жылдын 1-январынан 15-сентябрына чейин 292 ымыркайга Акжол, 30 балага Жоламан, 172 ымыркайга Амантур ысымдары коюлган.

Өткөн жылы 1000ден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга Токио Олимпиадасынын байге ээлери Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын ысымдары ыйгарылган.

Ошондой эле 2021-жылдын октябрь айында төрөлгөн үч эм кыздарга балбан кыздар Айсулуу, Мээрим жана Айперинин ысымдары ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM