Connect with us

Тажикстандын чек арачылары эми Лейлектеги айылдарга ок атууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 776 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында да Тажик чек арачылары тарабынан ок атышуу башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, учурда ок атышуу токтой элек.

Ушул тапта аталган аймактын тургундарын дагы эвакуациялоо иштери башталды.

Бүгүн, 16-сентябрь таңкы саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болгон. Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Буга байланыштуу Баткен районунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган эле.

Алдыда кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM