Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерге жасалган кысымдарга тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 319 | 0

Бизнес-акыйкатчы институту мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге жана инвесторлорго жасалып жаткан кысымдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген кайрылуу таратты. Анда президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын башында кабыл алынган менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча укук коргоо, фискалдык жана контролдоо органдарынын ишкердиктин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол берилбестигин белгилеген жарлыктарга карабастан, терс фактылар орун алып жатканы айтылат. Ошол эле учурда бизнеске мыйзамсыз кысымдар уланып жатканы белгиленген.

Бизнес-акыйкатчы институту мындай көрүнүштөр бизнес чөйрөнүн жагымдуулугуна жана өлкөдөгү инвестициялык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигине токтолгон.

Ошондой эле алар ишкерлерге терс таасирин тийгизген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы, мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын туура эмес чечмелелиши жана колдонулушу боюнча маселелери бар экендигин атышып, мыйзамдардагы боштуктар, карама-каршылыктар же бүдөмүк жагдайлар ишкерлердин пайдасына колдонуу белгиленгендигине карабастан, тескерисинче колдонулуп келгени белгиленген.

Ошондой эле мыйзамдардагы, долбоорлордогу ишкерликке тоскоолдук жараткан жагдайлардан улам,  терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартууга чакырган.

Мындан сырткары мыйзам чыгаруу демилгелерин талкуулоого кызыкдар тараптарды активдүү тартууга жана мыйзамдардагы белгиленбеген жагдайлардан жаралган талаш-тартыштарды ишкерлердин пайдасына чечүүгө чакырган.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Садыр «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө», «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлык чыгарган. Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чарба субъектилердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM