Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 23-августта Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.