Бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан 116, 117, 118, 119-дачаларынан өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө эки куткаруу бөлүмү тартылган. Такталган маалыматка ылайык, бул айылдагы 4 турак үй толук өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп да күйгөн.
Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөгөндө жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн.