Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 91 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.
Эң көп Бишкек шаарында – 75 учур, Чүй облусунда – 8, Ош шаарында – 5, Ысык-Көлдө – 1, Таласта – 1, Ош облусунда – 1 учур аныкталган.
Бейтаптардын 75и үй шартында, калган 16сы ооруканада дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учуру катталды.