Марал Радиосу

COVID-19га чалдыккандар көбөйүүдө: Соңкү суткада 91 адамдан табылды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 91 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.

Эң көп Бишкек шаарында – 75 учур, Чүй облусунда – 8, Ош шаарында – 5, Ысык-Көлдө – 1, Таласта – 1, Ош облусунда – 1 учур аныкталган.

Бейтаптардын 75и үй шартында, калган 16сы ооруканада дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учуру катталды.

Exit mobile version