Биз менен байланышыңыз

Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын кийинки отуруму Түркияда өтөт

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 192 | 0

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму өтүүдө. Анда кийинки XII пленардык отуруму 2023-жылы Түркияда өтө турган болду. Мындай сунушту Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп берип, калган мүчөлөр аны колдошту.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өтүп жаткан иш-чарага Азербайжан Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Сенатынын Олий Мажлисинин Төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышууда.

Анда «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы» аталышын «Түрк мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы» деп өзгөртүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Андан соң жыйынга катышып жаткан боордош мамлекеттердин парламенттеринин башчылары баяндама жасап, түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттырууда парламенттердин ролу жогору экенине токтолушту. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ар кыл тармактар боюнча биргелешкен уюмдарынын жана башка парламенттер аралык бирикмелердин Башкы катчылары сөз сүйлөштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM