Connect with us

Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2022 | 620 | 0

Айпери Медет кызы Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта башында монголиялык Сарнай Баярбаатар менен килем үстүнө чыгып, эсеп Айперинин пайдасына 3:1 менен аяктады.

Экинчи атаандашы индиялык Бипаша аттуу спортчу болду. Айпери аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Үчүнчү кармашта өзбекстандык Озода Зарипбоева каршы чыгып, үч-төрт оодарып жеңишти илип кетти. Медет кызынын акыркы атаандашы казакстандык Инкара Жанатаева болду. Бул ирет дагы Айпери 12:0 ири эсепте алдыга озуп чыкты.

Мындан улам Айпери Медет кызы өзүнүн салмагындагы бардык атаандаштарын артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM