Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапар менен барат.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, министр 21-22-июнь күндөрү Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен барат.
Сапардын алкагында Сауд Аравиясы жана Бахрейндин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.