Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.