Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды Японияда жумушка орноштуруу жөнүндө келишимге кол коюлду

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 442 | 0

Япония Кыргызстандан адистерди тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин Япониянын «кесиптик бирлиги» менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы япон таануу институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.

«Президент тарабынан биздин министрликке – Кыргызстандан сырткары иштеп жаткан кыргызстандыктардын укуктарын коргоону камсыз кылуу милдети коюлган. Буга миграциялык каттамдарды тартипке салуу, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу кирет. Ошондуктан министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат, ал социалдык пакетке татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет.

Бүгүн биз жарандарды Улуу Британия, Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүп жатабыз. Бул бүт тизме эмес. Мындан ары биз жарандарыбыз кетип жаткан өлкөлөрдү диверсификациялоо менен бул багыттагы ишти жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенебиз», — деди Базарбаев.

Ал белгилегендей, министрликтин линиясы боюнча эмгек миграциясына кетип жаткандар ошол өлкөнүн тилин билиши керек, ал өлкөнүн мыйзамдары жаатында билимге ээ болушу шарт жана эмгек акыга кетип жатканда мамлекет тарабынан корголушу керек.

Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка орноштуруу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында биринчи жарандар ушул жылдын аягына чейин жумушка кетишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM