Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 373 | 0

Президент Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюму 21 жылдык ишмердигинде беделдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын ичинен татыктуу орунду ээлеп, коопсуздукту жана мамлекеттер аралык мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калганын канааттануу менен белгиледи.

Ал «ШКУ үй-бүлөсү» өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров транспорт тармагындагы кызматташуу жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиз үчүн гана эмес, ошондой эле бүткүл Евразия континентинин көптөгөн өлкөлөрү жана аймактарынын региондун транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам боло аларын белгиледи.

Аны менен бирге Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарында айткан демилгелерин Кыргызстан толугу менен колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары көптөгөн демилгелерди көтөрүп, ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугун баса белгиледи.

Чжан Мин белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча демилгелери жана сунуштары ШКУну мындан ары да алга жылдырууга жардам берет.

Чжан Мин ошондой эле, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу чоң мааниге ээ деген пикирин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, ШКУнун Башкы катчысы Бишкекке сапарынын жүрүшүндө ошондой эле, Евразиялык экономикалык форумуна катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM