Кыргызстанда 25-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31 градус болот.