Марал Радиосу

Күндүн табы 32 градуска чейин көтөрүлөт

Кыргызстанда 25-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп,  күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31 градус болот.

Exit mobile version