Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстандын билим берүү стратегиясын Кыргызстанга да киргизүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2022 | 771 | 0

«Өзбекстанда англис тилин кенен жайылтуу — билим берүү системасынын маанилүү стратегияларынын бири. Алар буга дүйнөдөгү маалыматтын көбү, илимий изилдөөлөрдүн да көбү англис тилинде жазылып жатканын жүйө келтиришти. Чынында бүгүнкү күндө заманбап, санариптешкен дүйнөнүн муктаждыктарын камсыздаган материалдар англис тилинде чыгып жатат. Англис тилин эне тили менен биргеликте алып кете ала тургандай кылып, англис тилинде изилдөөлөрүн жазып, карьераларын толук кандуу жогорку деңгээлде алып чыгуусуна басым жасалууда» деген пикирин «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун төрагасы  Нурсултан Жаныбек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

6-майда Талас мамлекеттик университетинде мугалимдердин XI эл аралык илимий-практикалык симпозиумдун алкагында ааламдашуу шартында билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңыча багыттарды аныктоо, мугалимдердин  иш тажрыйбаларын жайылтуу маселелери талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды. Аталган симпозиумга Кыргызстандан гана эмес, Өзбекстандан, Пакистандан жана Казакстандан да мугалимдер келишкенин, алар билим берүү тармагында тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Жаныбеков Өзбекстандын билим берүү системасы кыйла алдыга озуп чыкканын кошумчалады.

Өзбекстандын англис тилин жайылтуу боюнча тажрыйбасы жергиликтүү мугалимдерди шыктандырып, окуучуларды окутууда жаңыча методикаларды киргизүүгө, замандын талабына жооп бере ала турган окуучуларды окутууга түрткү берди деген ойдо Жаныбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM