Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз эли өтө майдаланып, ушактан арылбай калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2022 | 886 | 0

Кыргыз эли абдан майдаланып кетип, масштабдуу ойлонбой калды. Мындай пикирин Гималайдын 7000 метр бийиктиктигин багындырган кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Гималайды басып өтүп жатканда ушул ой келгенин айтты.

«Кыргыз эли «Фейсбукта» отуруп, ушактардын артынан кууп эле жүрөт. «Ушундан арылып, дүйнөлүк масштабда же жок дегенде жогорку деңгээлде ойлонор бекенбиз?» — деген суроо оюмдан кетпеди.

Элдин майдаланып кетишин көп ойлондум. Эмне үчүн аракет кылбайт? Ушактан чыкпай калдык. Непал десе, көп деле тоготкубуз келбейт. А бирок жок дегенде алардын маданиятын, табиятка болгон мамилесин өзүбүзгө калыптындырсак болот эле. Непал элинин табиятка мамилеси абдан өзгөчө экен».

Маматкаимов Непал эли таштандыга да өтө олуттуу карарына бир нече мисал келтирип, непалдыктар өтө таза эл болорун кошумчалап өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM