Биз менен байланышыңыз

Президент: Дача-Су кырсыгын коомдук комиссия иликтейт

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 542 | 0

Президент Садыр Жапаров 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлүп жатканын айтып, жигердүү жарандарды, иликтөөчү журналисттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн катарга кошулууга чакырды. Өлкө башчынын кайрылуусу «Фейсбук» баракчасына жарыяланды.

Президенттин айтымында, 2010-жылы Ошто болгон кыргыз-өзбек чатагы боюнча иликтөө аяктап калган. Ал иш жакында сотко өткөрүлөт.

Ал эми Дача-Судагы кырсыкты иликтөөнүн жай жүрүшү тергөөчүлөр көп нерсени жашырып жаткан сыяктуу күмөн саноолорду пайда кылууда. Андыктан мамлекет башчысы коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алган.

«Ош окуясын иликтөө аяктап калды», — деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Тергөөчүлөр мурда да иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы?» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз», — деп айтылат кайрылууда.

Иликтөөгө катышууну каалагандар Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовго 0(312) 62-50-26 номери аркылуу байланышуусу керек.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ айылына кулап, бир нече үйдү басып калган. Кырсыктан 39 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM