Биз менен байланышыңыз

Эртең Ош шаарында да «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 257 | 0

Эртең, 9-май — Жеңиштин 77 жылдыгына карата Ош шаарында да «Өлбөс полк» акциясы өтөт.

Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы таратып, шаар тургундарын өнөктүккө катышууга чакырык таштады.

«Сиздерди бул акцияга катышууга чакырабыз! Фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери аталарынын, чоң аталарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага катышууну каалагандар саат 8:30дан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдына келиши керек. Саат 9:15те театрдан «Өчпөс от» мемориалдык комплексине карай жүрүш жасалат.

Айта кетсек, 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти майрамдоого, анын ичинде «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM