Баткен районунун Чек айылынын тургуну 33 жаштагы Сапаралиев Данияр Абдиманнапович 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн «Тико» үлгүсүндөгү А 5627 К номурлуу автоунаасы менен чыгып кеткен.
Ошол бойдон жүргөн жери дайынсыз болууда. Бул факты боюнча Баткен райондук милициясы издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 160-165 см, кашы көзү кара, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Эгер кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылса болот.
Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37.