Connect with us

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго таштанды полигону боюнча да иш козголду

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 1385 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы борбордогу таштанды полигондун курулуш долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды. Анын алкагында «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын
мурдагы директору Болот Асаналиев камакка алынган.

Андан тышкары Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго жана анын долбоорду ишке ашыруу боюнча кеңешчиси болгон Г.А.М.га айыбы сыртынан угузулган.

Айта кетсек, Албек Ибраимов 2018-жылдын май айында камакка алынган. Ал «Дастан» ишканасын жетектеп турганда коррупция, Бишкектеги мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык учурунда абактан чыгып, кайтып барган эмес. Учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.

Андан тышкары 2021-жылы Албек Ибраимовго «Манас» эл аралык аэропортун жетектеп турганда мамлекетке миллион долларлык зыян келтирген» деген айып коюлуп, өкүм сыртынан угузулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM