Лейлек милициясы 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын райондун аймагынан кармады.
Тажикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргызстандын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, издөөдө жүргөн.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 27-апрелда Лейлек районунун аймагында жүргөн жери аныкталып, кармалды.
Андан соң убактылуу кармоо жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.