Connect with us

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети бекитилди

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 384 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана жакынкы эки жылга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM