Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана жакынкы эки жылга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат.