Connect with us

Президент Башкы прокуратурага сурак берип чыкты (видео)

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 567 | 0

Бүгүн, 27-апрелде Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясынын иши боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ушул эле иш боюнча УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев күбө катары суралган.

Садыр Жапаров саат 12:30да сурактан чыкканы белгилүү болду.

Эске салсак, 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Садыр Жапаров ал учурда Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин комиссары кызматын аркалап турган.

Copyright © 2017 Maral FM