Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын башкы директорунун орун басары Эмад Аль-Заид менен жолугушту.
Баарлашууда соода-экономикалык байланышты дагы да чыңдоо маселеси айтылды. Кувейтте Кыргызстандан келген тамак-ашты сертификациялоо иштери аяктап калганы, эт, балык, бал жеткирүүдөгү ийгиликтүү соода алака, Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз аба каттамдарынын ачылышы менен эки өлкөнүн жеке секторундагы кеңейген мүмкүнчүлүктөр белгиленди.
Эмад Аль-Заид Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш импорттоого кызыкдар экенин, андан тышкары Кувейт эли Кыргызстандын цехтеринде тигилген, жасалган жүн, булгаары, пахта, жибек буюмдарга кызыга турганын айтты.
Жыйынтыгында Кувейттин Соода, өнөр-жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн Бишкекке иш сапарын уюштуруу сүйлөшүлдү.
Ошондой эле Эмад Аль-Заид кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн Эль-Кувейтке сапарын колдой турганын айтып, анын алкагында атайын өндүрүмдөрдүн көргөзмө-жарманкесин уюштуруп берүүгө, борбор калаасына туруктуу иштеген кыргыз көргөзмө залын ачтырууга убада берди.