Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну Нурхан Кочкорова Кызыл-Булак айылы менен Гайрат айылын бөлүп турган сууга көпүрө салып берди. Анын ачылышы 24-апрелде өттү.
Пенсионер апа көпүрөнү ажылыкка барам деп топтоп жүргөн акчасына салдырган.
«Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. «Ага түбөлүк сооп жетип турсун», — деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экем. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди», — деди апа.