Connect with us

Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 338 | 0

Кыргызстанда 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Концепциянын максаты креативдүү өндүрүштүн комплекстүү саясатты калыптандыруу аркылуу экономикага кошкон салымын көбөйтүү болуп саналат.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM