Connect with us

Жапаров статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 427 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал расмий статистика мамлекеттик башкаруунун маанилүү инструменти болуп саналарын, себеби анын негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдору түзүлөрүн айтты. Азыркы тапта статистикалык системаны жаңылоо процессин тездетүү милдеттери бар экенин билдирди.

«Статистика болбогондо республиканын социалдык-экономикалык абалынын чыныгы көрсөткүчтөрү тууралуу билүүгө, мамлекеттин өнүгүү стратегиясын жана тактикасын аныктоого мүмкүн болбойт эле. Бекеринен бул кызматты бүтүндөй бир өлкөнүн сандык тарыхы деп атап келишпесе керек», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM