Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ал расмий статистика мамлекеттик башкаруунун маанилүү инструменти болуп саналарын, себеби анын негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдору түзүлөрүн айтты. Азыркы тапта статистикалык системаны жаңылоо процессин тездетүү милдеттери бар экенин билдирди.
«Статистика болбогондо республиканын социалдык-экономикалык абалынын чыныгы көрсөткүчтөрү тууралуу билүүгө, мамлекеттин өнүгүү стратегиясын жана тактикасын аныктоого мүмкүн болбойт эле. Бекеринен бул кызматты бүтүндөй бир өлкөнүн сандык тарыхы деп атап келишпесе керек», — деди Жапаров.