Лейлек районунун акимиаты Жаңы-Жер айыл аймагына сугат суу жетпей жатканы боюнча айтылган кайрылууга комментарий берди.
Райондук админстрациянын маалыматы боюнча Жаңы-Жер айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Арка каскаддык насостук станциясы иштеп келет. Быйылкы жылдагы сугат сезону үчүн насостук станциянын насостору, агрегаттары толук оңдоодон өткөрүлгөн жана 8-апрель күнү бир агрегат иштетилген. 12-апрель күнү 2-агрегатты кошкондо суу түтүгү жарылып кеткен, аны оңдоо иштери жүргүзүлүп, 15-апрелде 2-агрегат иштей баштаган.
Азыркы күндө Арка каскаддык насостук станциясы аркылуу «Ырысмат» суу пайдалануучулар ассоциациясы 2 миң литр/секунд көлөмдөгү сууну пайдалануучуларга жеткирип берүүдө. Дыйкандар тарабынан эч кандай наразычылык жок.
Бүгүн, 19-апрелде насостун 3-агрегаты да иштетилип, дыйкандарга 3 миң литр/секунд көлөмүндө суу берилип жатат.
Белгилей кетсек, «Марал» радиосуна Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары кайрылып, сугат суу берилүүчү түтүк жарылганын жана суунун басымы аз болгондуктан, эгин зыянга учурап жатканын билдирген. Ошондой эле бул маселени чечүү үчүн айыл чарба министрине кайрылуу жасашкан.
Лейлектин эли: Суу жок, эгинибиз күйүп кетмей болду