Connect with us

Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 513 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде расмий сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен да эки тараптуу жолугушуу пландалууда.

Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, соода-инвестициялык кызматташтык тууралуу пикир алышат.

Жапаровдун расмий сапары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 30 жыл, достук жана кызматташтык келишимине кол коюлганына 25 жыл толгон датага карата уюштурулган.

Жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, ошондой эле өкмөттөр жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландалууда.

Жээнбек Кулубаев алдыдагы сапар эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM