Connect with us

18 өлкөнүн жарандары Кыргызстандын визасын жеңилдетилген тартипте алышат

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 243 | 0

Жайкы туристтик сезондун алдында Тышкы иштер министрлиги 18 өлкөнүн жарандары үчүн Кыргызстанга туристтик визаларды алуунун жеңилдетилген жол-жобосу иштелип чыкканын маалымдады.

ТИМден билдиришкендей, визаларды алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби чет элдик туристтерди тартууга жагымдуу шарт түзүү жана өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.

Бул тизмеге төмөндөгү мамлекеттер кирет:

  • Индия
  • Бангладеш
  • Пакистан
  • Шри-Ланка
  • Алжир
  • Египет
  • Иордания
  • Ливан
  • Марокко
  • Непал
  • Тунис

Ошондой эле төмөндөгү мамлекеттердин жарандары Кыргызстандын туристтик категориядагы визасын Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке арызынын негизинде жана түздөн-түз Кыргызстанга келгенден кийин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Тышкы иштер министрлигинин «Манас» эл аралык аэропортундагы визалык кеңсесинен төмөндөгү өлкөлөрдүн жарандары келгенден кийин түз кайрылса болот:

  • Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)
  • Сауд Аравиясы
  • Бруней
  • Кувейт
  • Катар
  • Оман
  • Бахрейн

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM