Connect with us

Чек арадагы атышууда кыргыз аскери жаракат алды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 835 | 0

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз-тажик чек арасында болгон атышууда  бир кыргыз аскери жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Жарадар болгон аскердин абалы оор экени айтылды. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген, операцияга даярдалууда.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Саат 22:15ке карата тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен атууну токтотту.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду. 

Эми Баткен районунда. Тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарууда

Copyright © 2017 Maral FM