Connect with us

Өкмөт бюджетти толтуруу үчүн казино мыйзамын кайра сунуштады

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 655 | 0

«Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Документ Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Матаева С., mataeva.sm@gmail.com; тел. 620535 (189).

Мыйзам долбоору инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Кумар оюндарынын ишинин субъектилери болуп, юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар ​​саналат.

Мыйзам долбоорунда төмөндөгү адамдар оюн-зоок жайларынын кардарлары боло албасы айтылат:

— Кыргыз Республикасынын жарандары;

– 21 жашка чейинки чет өлкөлүк жарандар;

Кумар оюндарынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— катуу мас абалында оюн-зоок жайларына барууга;

— оюн-зоок жайынын уруксатысыз кино, фото, видео тартууга;

– кумар оюн жайынын тейлөө аймагына кирүүгө.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтириши шарт. Өкмөт аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кечиктирилгис чара катары биринчи кезектеги тартипте кароону сунуштайт.

Жапаров: Казино — арак менен чочко этинен адалыраак болсо керек

 

Copyright © 2017 Maral FM