Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Маалыматка караганда, Аалиев 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.
Азиз Аалиев 2021-жылдын 6-сентябрынан тарта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеди. Ал 28-мартта президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду.
Анын ордуна өкмөт башчынын орун басарынын милдетин Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аткара турган болду.