Connect with us

Баткендеги милиционердин өлүмүнө шектелип, жээни кармалды

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 2096 | 0

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө шектүү катары анын 34 жаштагы жээни кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 27-мартта Баткен облустук ооруканасынын кызматкерлери көкүрөгүнөн жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 1974-жылы туулган жарандын каза болгонун милицияга кабарлаган.

Жерин облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Боронов баштаган топ ооруканага барып, окуяны такташкан. Алар маркумдун сөөгүн белгисиз адамдар Honda Odyssey унаасы менен алып келишип, жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкенин айтып беришкен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, иликтөө, кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерин өзүнүн жээни, буга чейин бир нече жолу соттолгон, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. көкүрөк тушуна учтуу буюм менен сайганы аныкталган.

Атайын операциянын негизинде кылмышка шектүү жана анын шериктери Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жашынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрелде Баткен районунун Достук айылында туулган. 2000-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM