Connect with us

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

Кыска кабар | 27 Мар 2022 | 1512 | 0

Кечээ, 26-мартта Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аземге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана башка жетекчилер, мугалимдер, окуучулар жана алардын жакындары катышты.

2022-жылдын 23-24-мартында Билим берүү жана илим министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабын өткөрдү.

Олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага өлкөнүн бардык аймагынан олимпиаданын III (облустук) этабында 1, 2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM