Connect with us

Жер чыры: Баткенде үч прокурор кызматтан алынды

Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 811 | 1
Нуркамал Набиев

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынды.

Бул тууралуу «Маралга» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов ырастады.

Анын айтымында, аталган прокурорлорго Лейлектеги жер маселесине байланыштуу кызматтан алынды.

24-мартта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Мындан бир нече күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жеке каналындагы көрсөтүүгө Бекжан Жалилов да катышып, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу делген бир катар социалдык мекемелердин менчиктештирилгени боюнча айтып берген.

Copyright © 2017 Maral FM