Connect with us

«Украина эли өз жерин Орусия ойлогондой өткөрүп бербейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 1855 | 0

Азыркы кырдаалдын алдыда кандай нукта өнүгүшү тууралуу божомолдорду айтуу кыйын. Бирок менин оюмча, Украина эли өз жерин Орусияга «жөн эле» өткөрүп берип койбойт. Мындай пикирин Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы беш жылда көп нерсе өзгөрдү. Орусия кээ бир аракеттеринен аябай жаңылып калды.

«Орусия ойлогон окшойт: «Биз кирип барсак эле эл колдоп берет, өтүп кетет», — деп. Бирок алар күткөндөй болгон жок. Украина эли: «Өзүбүздүн жерибизди коргойбуз», — деп биригип, бекем турушат. Мындан сырткары көп өлкө Украинага колдоо көрсөтүп, Орусияга каршы чыкты. Украинаны колдогондор көп болгону үчүн президенти Зеленский: «Мен эч жерге качпайм, биз өз эркиндигибиз үчүн күрөшөбүз», — деп элге аябагандай чоң күч берди. Анын сөзү менен эл азыр ынтымакка, биримдикке келишти. Ошондуктан алардын ынтымагы Орусиянын койгон талаптарына макулдук бербейт», — деди ал.

Исмаилов аталган себептерден улам Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсү, тынчтык келишимге баруусу узак мөөнөткө созулуп кетиши мүмкүн деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM