Connect with us

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэрлигине кайра келди

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 350 | 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон буйруктун негизинде мэрияда кадрдык алмашуулар болгону кабарланды.

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Ал эми Биринчи Май районунун акими кызматына Максатбек Сазыкулов барды.

Ошондой эле Азиз Садырбеков мэриянын аппарат башчысы кызматына келди.

Айта кетсек, Жамалбек Ырсалиев 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.

2021-жылдын сентябрь айында ошол кездеги мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Биринчи Май районунун акими кызматына которулган. Бошогон орунга Максатбек Сазыкулов келген.

Азиз Садырбеков болсо мэрияга Президенттин администрациясынан ротациялоо жолу менен келди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM