Connect with us

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 199 | 0

Бүгүн,  25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды. Бардык унаалар алдын ала атайын сыноолордон өткөрүлдү.

Алар адам өмүрүн сактоого, өрт копсуздугун алдын алуу үчүн өлкө аймактарындагы облустук өрткө каршы бөлүмдөргө бөлүнөт.

Ар биринде сыйымдуулугу 6 тонналык резервуар, өрттү өчүрүүчү көбүк-суюктук толтуруучу жана ар түрдүү кубаттуулуктагы насостор орнотулган. Ошондой эле атайын бардык куткаруу куралдары менен жабдылган.

Өрт өчүрүүчү унаалар «Кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK)  долбоору аркылуу алынды.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унаалар 2008-жылдан бери алынган эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM