Буга чейин Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканы айтылган. Бул маалыматты маданият министри Азамат Жаманкулов да «Маралдын» эфиринде ырастап, жергиликтүү бийлик менен кеңешмелер өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу жана мындан ары жүргүзбөө боюнча тапшырма берилгенин айтты.
Акыркы 2-3 жылда бир нече аймактагы петроглифтер бузулуп кеткен.
«Чолпон-Атада петроглифтер бар аймакта курулуш иштери жүрүп кетти, Алайда петроглифтерди талкалап салган учурларды көрдүк. Андан башка да вандализм орун алууда. Биздин мамлекетте көпчүлүк, айрыкча жаштар петроглифтердин баалуулугун түшүнбөй, алардын үстүнөн чиймелеп, жазып салган учурлар абдан көп. Кечээ эле мен Баткендеги, Оштогу петроглифтердин абалын карап келдим, жаштарыбыз кылымдарды карытып келе жаткан петроглиф, саймалуу таштардын үстүнөн замазка менен жазып, бор же таш менен чийип салышыптыр», — деди ал.
Министр өзгөчө Баткен жана Ош облустарында уникалдуу, дүйнөдө жок петроглифтер бар экенин баса белгилеп, аларды коргоо боюнча план жана жол карта бекитилерин айтты.
Жаманкулов кошумчалагандай, жакында петроглифтердин үстүнөн жазгандарга абдан катаал жаза колдонуу боюнча мыйзам долбоору сунушталат.